Университеттин актовый залында окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер чогулушту. Педагогикалык жамаатка карата расмий куттуктоолор айтылып, алардын кесипкөйлүгү, өз ишине берилгендиги, көп жылдык эмгеги жана жаш муундарды окутуп-тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирилди.
Иш-чаранын алкагында майрамдык концерттик программа тартууланды. Студенттер чыгармачылык жана музыкалык номерлерди даярдап, мугалимдерге берген билими, колдоосу жана насааты үчүн өздөрүнүн урмат-сыйын жана ыраазычылыгын билдиришти.
Майрамдык иш-чарада педагогдун билим берүү процессиндеги жана келечектеги адистерди даярдоодогу маанилүү ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Окутуучунун эмгеги жогорку жоопкерчиликти, кесиптик чеберчиликти, сабырдуулукту жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулууну талап кылат.
Майрамдык программа жылуу жана салтанаттуу маанайда өтүп, университеттин окутуучуларын, кызматкерлерин жана студенттерин бириктирди.
Жалал-Абад эл аралык университети бардык окутуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык дем, ыраазы болгон студенттерди жана билим берүү менен илимий ишмердүүлүктө жаңы жетишкендиктерди каалайт.