ЖАЭАУда медициналык философия боюнча ачык сабак өткөрүлдү
2026-жылдын 21-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Азимова Мавлюда Усенбаева чет өлкөлүк студенттер үчүн «Медициналык философия» дисциплинасы боюнча «Байыркы философиялык жана медициналык мектептер» деген темада ачык семинардык сабак өткөрдү.
Сабактын негизги максаты студенттерге байыркы философиялык жана медициналык мектептердин калыптанышы, өнүгүшү, алардын медицина илимине кошкон салымы жана адамдын ден соолугу жөнүндөгү тарыхый түшүнүктөрдүн заманбап медицинадагы мааниси тууралуу кеңири маалымат берүү болду.
Сабактын жүрүшүндө Байыркы Египет, Индия, Кытай жана Грециядагы медицина менен философиянын өнүгүү өзгөчөлүктөрү каралды. Адамдын табияты, оорулардын пайда болуу себептери жана ден соолукту сактоонун салттуу ыкмалары боюнча байыркы көз караштарга өзгөчө көңүл бурулду.
Ачык сабакта интерактивдүү окутуу ыкмалары жана инсанга багытталган окутуунун элементтери колдонулду. Студенттердин ой жүгүртүүсүн жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Мээге чабуул» ыкмасы уюштурулду. Студенттер үч чакан топко бөлүнүп, «Үч цивилизация — үч медициналык салт» деген темада презентацияларды сунушташты.
Алынган билимдерди бышыктоо максатында «Дарыгер — бейтап» аттуу ролдук оюн өткөрүлүп, студенттердин өз ара баарлашуу жана теориялык билимдерин практикалык кырдаалдарда колдонуу көндүмдөрүнө көңүл бурулду.
Сабактын соңунда студенттердин билими бааланып, активдүү катышкан топтор белгиленди жана жыйынтык чыгарылды.
Бул ачык сабак студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу менен катар, жаш окутуучулардын педагогикалык тажрыйба алмашуусуна жана окутуунун заманбап усулдарын өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.