News

ЖАЭУнун окутуучусу IAAR эл аралык эксперттик комиссиясынын ишине катышты

2026-жылдын 28–30-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) клиникалык дисциплиналар кафедрасынын ассоциацияланган профессору Ташиева Гүлбара Самидиновна Бишкек шаарында Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиктин (IAAR) тышкы эксперттик комиссиясынын курамында иш алып барды.

Эксперттик комиссия Эл аралык жогорку медицина мектебинин «Дарылоо иши» билим берүү программасын кайра аккредитациялоонун алкагында баалоо жүргүздү.

Эксперттик сапардын жүрүшүндө медициналык билим берүүнүн сапаты, билим берүү программасынын аккредитациялык стандарттарга шайкештиги, окуу процессинин уюштурулушу жана болочок дарыгерлердин практикалык даярдыгы каралды.

ЖАЭУнун өкүлүнүн эл аралык эксперттик комиссиянын ишине катышуусу университеттин эксперттик потенциалын өнүктүрүүгө, жогорку медициналык билим берүүнүн сапатын камсыздоо жаатында тажрыйба алмашууга жана жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
KG