News

2026-жылы Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо

14-октябрдан 29-октябрга чейин ББОУБдун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

Кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт.

ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) жалпы орто же кесиптик орто билимге ээ, колунда билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана КАТЫША АЛАТ.

2027-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого КАТЫША АЛБАЙТ.

МУРДАГЫ ЖЫЛДАРДЫН жана 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрү (МЖБ) өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышы зарыл. Өздүк баракчага кирүү мүмкүнчүлүгү паспортуңузду жана орто билим алгандыгыңызды тастыктаган аттестатыңызды (дипломуңузду) жеке өзүңүз көрсөткөндөн кийин гана жашаган жериңиздеги райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкери тарабынан берилет.

  1. Кирүү мүмкүнчүлүгүн райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен алуу керек.
  2. Онлайн каттоо бланкасын толтуруу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: уюлдук телефонуңуздун номери, паспортуңуздун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (орто кесиптик билим жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү жана жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз).

Инсандын өздүгүн тастыктаган документ (паспорт же аскердик билет) милдеттүү. Өздүгүн тастыктаган документи жок абитуриент тестке киргизилбейт. «ТҮНДҮК» мобилдик тиркемеси аркылуу көрсөтүлгөн электрондук документ ЖРТга катталуу учурунда КАБЫЛ АЛЫНАТ, ал эми тестке кирүү үчүн документ катары КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ.

Телефонуңуздун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет.

Онлайн каттоо бланкасын толтуруу боюнча нускаманы жашаган жериңиздеги райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен аласыз.

ӨЗДҮГҮН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ ЖЕ ЖРТга КАТТООСУ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕР ТЕСТКЕ КИРГИЗИЛБЕЙТ.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүшү зарыл. Жогоруда белгиленген бардык керектүү документтердин болушу МИЛДЕТТҮҮ.

Каттоо боюнча нускаманы бул жерден көрө аласыз.

Онлайн каттоо формасын толтуруу боюнча видеороликти бул жерден көрө аласыз.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 2026-жылдын 20-ноябрынан 22-ноябрына чейин өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыктары милдеттүү түрдө талап кылынат.

Предметтик тесттер англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт. Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Предметтик тесттерди каалаган санда тандаса болот, бирок абитуриенттер «канчалык көп болсо, ошончолук жакшы» принциби бул учурда иштебей турганын эске алышы керек.

Ар бир тандалган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт. Негизги тестти тапшырбастан предметтик тестти тапшырууга болбойт.

Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.

Негизги тесттин акысы — 470 сом.

Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы — 470 сом.

Ар бир предметтик тесттин акысы — 470 сом.

Бул сумманы Элдик Банк, MegaPay же «О! Деньги» аркылуу төлөп, төлөм дүмүрчөгүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерге көрсөтүү же дүмүрчөктүн номерин жана төлөнгөн сумманы өздүк баракчага киргизүү (жазуу) керек.

Окуу куралдарын сатып алуу маселелери боюнча ББОУБдун кеңсесине кайрылуу керек.

Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар, ошондой эле ББОУБдун төмөнкү телефон номерлерине чалыңыздар.

Иш убактысы: 09:00–17:00. Ишемби жана жекшемби — дем алыш күндөрү.

*Байланыш телефондору: (0502, 0500, 0503) 66-48-38.
KG