2026-жылдын 20-июнунда Жалал-Абад Эл аралык университетинде (ЖАЭУ) медициналык факультеттин «ЛДк» тайпаларында билим алып жаткан 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууну медициналык факультеттин деканы Астанов Шавкатбек Моминжанович алып барды. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо максатында ИИМдин кызматкерлери катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин администрациясы ата-энелерге билим берүү процессинин өзгөчөлүктөрү, билимди баалоо системасы, практикалык даярдыктын уюштурулушу жана келечектеги дарыгерлерге коюлуучу талаптар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ошондой эле студенттердин окуудагы жетишкендиктери, сессиянын жыйынтыктары, сабакка катышуусу жана окуу процессине көнүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл студенттердин жоопкерчилигин жогорулатууга, академиялык тартипти бекемдөөгө жана университет менен ата-энелердин өз ара кызматташуусун күчөтүүгө бурулду.
Ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында ЖАЭУнун жетекчилиги ата-энелерге ишеним көрсөтүп, билим берүү процессине активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, студенттерди тарбиялоодо үй-бүлө менен университеттин биргелешкен аракетинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Жалал-Абад Эл аралык университети — келечектин атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин биргелешип даярдайбыз!