News

Интеллектуалдык таймаш — билимди өркүндөтүүнүн жана кесиптик өнүгүүнүн аянтчасы!

ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы «Своя игра» интеллектуалдык викторинасына активдүү катышты

2026-жылдын 22-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинде медициналык багыттагы окутуучулар үчүн «Своя игра» форматындагы интеллектуалдык викторина-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чараны Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Амиралиев Семетей Манасович алып барды.

Иш-чарага Жалал-Абад эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук курамы, анын ичинде клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары активдүү катышты.

Викторинанын максаты — окутуучулардын кесиптик эрудициясын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле билимди баалоонун интерактивдүү ыкмалары менен тааныштыруу.

Катышуучулар ар түрдүү суроолорго жооп берип, тапшырмаларды талкуулап, өз ара тажрыйба алмашышты. Жандуу жана достук маанайда өткөн тренинг оюн технологияларын окутуу процессинде колдонуу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү.

«Билимдүү окутуучу — сапаттуу билим берүүнүн негизи, ал эми үзгүлтүксүз өнүгүү — кесиптик ийгиликтин ачкычы!»

Мындай иш-чаралар ЖАМУ менен ОшМУнун академиялык кызматташтыгын бекемдөөгө жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
KG