News

ЖАМУда өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу боюнча семинар-тренинг өттү

KG
13-февралда Жалал-Абад эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен окутуучулар жана студенттер үчүн атайын семинар-тренинг уюштурулду.

Иш-чараны өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери Сапанов Өмүрбек Мухидинович жана административдик-чарбалык иштер боюнча проректор Торокулов Элдияр Шаршенович өткөрүштү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу боюнча негизги талаптар кеңири түшүндүрүлүп, практикалык көндүмдөр көрсөтүлдү:

  • өрт чыккан учурда эвакуациялоонун тартиби;
  • өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын туура колдонуу эрежелери;
  • жер титирөө учурунда аракеттенүү алгоритми;
  • жарандык коргонуунун негизги талаптары.

Мындай иш-чаралар кызматкерлер менен студенттердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатып, университетте коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.

к действиям в чрезвычайных ситуациях и формированию безопасной образовательной среды в университете.