Жалал-Абад эл аралык университетинин ректоруна Манас шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы салтанаттуу түрдө тапшырылды
2026-жылдын 5-октябрында өткөн Манас шаардык кеңешинин кезексиз XXX сессиясынын токтомуна ылайык, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Жалал-Абад эл аралык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нарымбетов Талантбек Канатбековичке Манас шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.
Бул кубанычтуу жаңылык университеттин жалпы жамааты үчүн чоң сыймык болду. 2026-жылдын 21-октябрында университеттин профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда ардактуу наамды тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чарада Манас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Тешебаев Айбек Тагайбекович жана шаардык кеңештин депутаты Ахмедов Эрлан Шавкатбекович ректорго ардактуу наамды расмий түрдө тапшырышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө шаардык кеңештин өкүлдөрү Талантбек Канатбековичтин аймактагы илим жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, жаш муундарды тарбиялоого, ошондой эле социалдык маанидеги демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымын өзгөчө белгилешти. Алар ректордун көп жылдык үзүрлүү эмгегине жогору баа берип, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалашты.
Өз кезегинде университеттин ректору Талантбек Канатбекович көрсөтүлгөн жогорку ишеним жана сый-урмат үчүн шаар жетекчилигине, шаардык кеңештин депутаттарына жана университеттин жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди. Ал бул ардактуу наамды жеке жетишкендик катары гана эмес, университеттин жалпы жамаатынын биргелешкен эмгегине берилген жогорку баа катары кабыл аларын белгиледи. Ошондой эле мындан ары да шаардын жана өлкөнүн өнүгүшүнө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаш муундарды татыктуу тарбиялоого өз салымын кошо берерин билдирди.
Салтанаттын жүрүшүндө Жалал-Абад эл аралык университетинин президенти Арынбаев Жаныбай Токоевич, ошондой эле университеттин ардагер окутуучулары сөз сүйлөп, ректорду кадыр-барктуу наамы менен чын жүрөктөн куттукташты. Алар Талантбек Канатбековичтин билим берүү тармагындагы жетекчилик ишмердүүлүгүн, университеттин өнүгүшүнө жана шаардын коомдук турмушуна кошкон салымын белгилеп, ага бекем ден соолук, бакубат жашоо жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.
Иш-чаранын соңунда университеттин жамааты ректорду ардактуу наамы менен куттуктап, салтанаттын катышуучулары эстеликке сүрөткө түшүштү.