News

Россия-Кыргызстан медициналык университеттер консорциумунун жыйыны КММАда өттү

2026-10-02 22:00 KG
Бүгүн, 2026-жылдын 2-октябрында, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Россия-Кыргызстан медициналык университеттер консорциумунун жыйынын өткөрүүчү аянтча болуп, Кыргызстан менен Россиянын алдыңкы медициналык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүн бириктирди.

Жыйындын катышуучуларына КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, Курск мамлекеттик медициналык университетинин ректору Василий Гаврилюк, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын жетекчилери куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.

ЖАЭУнун атынан профессор Ташиева Гүлбара Самидиновна сөз сүйлөп, Жалал-Абад эл аралык университетинин делегациясын тааныштырды.

Жыйындын маанилүү бөлүктөрүнүн бири — Жалал-Абад эл аралык университети менен Астрахань мамлекеттик медициналык университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлушу болду. Ошондой эле ЖАЭУ менен Курск мамлекеттик медициналык университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

ЖАЭУнун атынан документтерге университеттин ректору Нарымбетов Талантбек Канатбекович кол койду. Кол коюу аземинин алкагында ректорлор эстелик белектери менен алмашышты.

Жыйындын негизги талкуулары заманбап медициналык билим берүүнүн актуалдуу багыттарына — санариптик саламаттык сактоого, телемедицинага жана жасалма интеллектке, академиялык мобилдүүлүккө, жаштар илимин өнүктүрүүгө, симуляциялык окутууга жана болочок дарыгерлердин практикалык даярдыгын өркүндөтүүгө арналды.

Консорциумдун ишине эки өлкөнүн медициналык жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулары жана адистери катышты.

ЖАЭУнун профессору Ташиева Гүлбара Самидиновна 1-секциянын медициналык билим берүүдөгү симуляциялык окутууга арналган панелдик дискуссиясынын модератору болду. Ал баяндама жасап, Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары менен биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын жана жол картасын тааныштырды.

Катышуучулар тажрыйба алмашып, биргелешкен билим берүү, илимий жана клиникалык долбоорлорду ишке ашыруунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Консорциумдун жыйынынын КММАда өткөрүлүшү Кыргызстан менен Россиянын медициналык университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, академиялык байланыштарды кеңейтүүгө жана медициналык билим берүүгө заманбап ыкмаларды киргизүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болду