News

ЖАЭУнун окутуучулары эл аралык конференцияга катышты

2026-04-15 16:12 KG
2026-жылдын 15–16-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) профессордук-окутуучулук курамы Баткен шаарында өткөн «Илим, практика жана инновациялар — туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

ЖАЭУнун өкүлдөрү илимий баяндамаларды жасап, кесиптештери менен тажрыйба алмашып, туруктуу өнүгүүдө илимдин, билим берүүнүн жана инновациянын ролун талкуулашты. Бул иш-чара илимий кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы изилдөө багыттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.