News

ЖАМУнун өкүлү Казакстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Биринчи конгрессине катышууда

2026-09-15 14:42 KG
2026-жылдын 15-сентябрында Алматы шаарында Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган Казакстан Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлеринин Биринчи конгресси өтүүдө. Иш-чара коомдук саламаттык сактоо, санитария жана эпидемиология тармагындагы алдыңкы окумуштууларды, адистерди жана эксперттерди бириктирди.

Конгрессте Жалал-Абад эл аралык университетинин атынан медицина илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун ректорунун илимий иштер боюнча кеңешчиси Орозбекова Бубусайра Толобаевна катышууда.

Конгресстин алкагында «Санитардык-бактериологиялык лабораториянын түзүлгөндүгүнө 105 жыл» аттуу тематикалык секция да өтүүдө. Секция санитардык-эпидемиологиялык кызматтын калыптануу жана өнүгүү тарыхына, заманбап илимий жетишкендиктерге, ошондой эле калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугун камсыз кылуунун актуалдуу маселелерине арналган.

ЖАМУнун өкүлүнүн эл аралык деңгээлдеги бул иш-чарага катышуусу илимий жана кесиптик кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, жогорку окуу жайлар аралык өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы академиялык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.