31.10.2026. Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) 2026–2027-окуу жылына карата 560001 «Дарылоо иши» адистиги боюнча 5 жылдык негизги билим берүү программасын өркүндөтүү максатында эл аралык эксперттин жана кызыкдар тараптардын (стейкхолдерлердин) катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга эл аралык эксперт, Индиянын Great Eastern Medical School & Hospital (GEMS) медициналык окуу жайынын физиология кафедрасынын профессору, доктор Навин Бхартия Порвал (Dr. Naveen Bhartia Porwal), ЖАЭУнун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору Дипак Чаулагейн, медициналык факультеттин деканы, 5 жылдык билим берүү программасынын жетекчиси Астанов Ш.М., декандын орун басары Акрамжанов А.Т., профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттик кеңештин өкүлдөрү, ошондой эле башка кызыкдар тараптар катышты.
Иш-чарада билим берүү программасынын мазмуну, түзүмү жана күтүлүүчү окутуу натыйжалары эл аралык талаптарга жана саламаттык сактоо тармагынын заманбап муктаждыктарына ылайык талкууланды.
Өзгөчө көңүл студенттердин клиникалык жана практикалык даярдыгын күчөтүүгө, симуляциялык окутууну өнүктүрүүгө, инновациялык окутуу ыкмаларын киргизүүгө жана объективдүү структуралаштырылган клиникалык экзамен (OSCE) аркылуу кесиптик компетенцияларды баалоону өркүндөтүүгө бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө профессор Навин Бхартия Порвал жана башка катышуучулар билим берүү программасынын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарын билдиришти. Ошондой эле программаны өркүндөтүүдө студенттердин пикирин эске алуунун маанилүүлүгү белгиленди.
ЖАЭУ медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана заманбап талаптарга жооп берген квалификациялуу дарыгерлерди даярдоо багытындагы иштерин ырааттуу улантууда.