Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭУ) Индиядан келген биринчи курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга университеттин президенти Арынбаев Жаныбай Токоевич, окуу иштери боюнча проректор Садырoва Нургүл Адылгазиевна, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Тургунова Муаттар Сардорбековна жана декандын орун басары Акрамжанов Акмал Тажидинович катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелерге окутуу системасы, окуу процессин уюштуруу, студенттердин жашоо шарттары, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Чет өлкөлүк студенттердин жаңы чөйрөгө ыңгайлашуусуна, алардын бакубаттуулугуна жана университет менен ата-энелердин өз ара байланышына өзгөчө көңүл бурулду.
Туруктуу байланышты камсыз кылуу максатында WhatsApp тобу түзүлүп, ата-энелердин өкүлү шайланды. Ал ата-энелер менен университеттин администрациясынын ортосундагы байланышты координациялайт.
Жолугушуунун соңунда ата-энелер үчүн университеттин аймагы боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Коноктор окуу аудиторияларын көрүп, университеттин билим берүү инфраструктурасы жана «Шифаа Макс Госпиталь» университеттик клиникасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.