2026-жылдын 27-октябрынан 14-ноябрына чейин Жалал-Абад Эл аралык университетинде (ЖАЭУ) 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата күндүзгү бөлүмдө билим алып жаткан студенттер арасында курстар аралык спартакиада уюштурулууда.
Спартакиада Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук нарк жөнүндө жарлыгынын жана «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» улуттук программасынын алкагында өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттер арасында дене тарбияны жана спортту кеңири жайылтуу, сергек жашоо образын калыптандыруу, жаштардын ден соолугун чыңдоо, бош убактысын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү, ошондой эле курстар аралык достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдөө.
Спартакиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 2026-жылдын 27-октябрында саат 14:00дө университеттин спорт аянтчасында болуп өттү.
Спорттук мелдештер төмөнкү түрлөр боюнча өткөрүлүүдө:
Мелдештерге университеттин I–VI курстарында күндүзгү бөлүмдө билим алган студенттер катышууда. Ар бир курс өз командасын түзүп, спорттун түрлөрү боюнча күч сынашууда.
Спартакиаданын алкагында студенттердин спорттук жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, командалык духун бекемдөөгө жана таланттуу спортчуларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Мелдештин жыйынтыгында ар бир спорт түрү боюнча I, II жана III орундарды ээлеген командалар кубок, Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Жалпы командалык эсепте жеңишке жетишкен курска башкы кубок тапшырылат.
Мындан тышкары, «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты бомбардир», «Мыкты шахматчы», «Мыкты теннисчи» жана «Эң ынтымактуу команда» номинациялары боюнча мыкты катышуучулар аныкталат.
Спартакиада университеттин ректоратынын, кесиптик кошуунунун, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана студенттик жаштар уюмунун катышуусунда уюштурулууда.
Жалал-Абад Эл аралык университети студенттердин билим алуусу менен катар дене тарбиялык, руханий жана социалдык жактан ар тараптуу өнүгүүсүнө өзгөчө маани берип, сергек жашоо образын жайылтууга багытталган иш-чараларды колдоону улантууда.
Спорт – ден соолуктун, достуктун жана биримдиктин символу!

- Футбол (жигиттер арасында);
- Волейбол (жигиттер жана кыздар арасында);
- Шахмат (жигиттер жана кыздар арасында);
- Стол тенниси (жигиттер жана кыздар арасында);
- Аркан тартыш (жигиттер жана кыздар арасында).