Өзбекстан Республикасынан келген адистердин визитинин алкагында Жалал-Абад эл аралык университетинин Shifaa Clinic клиникасында жаш дарыгерлер жана ординаторлор үчүн семинар-тренинг уюштурулду.
Окутууну Өзбекстан Республикасынан чакырылган адистер өткөрүштү. Негизги баяндамачы катары медицина илимдеринин доктору Анна Валерьевна Алиева сөз сүйлөдү.
Семинардын жүрүшүндө эндокринологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча актуалдуу маселелер каралды. Өзгөчө көңүл калкан безинин ооруларына, кант диабетине, гормоналдык бузулууларга жана бейтаптарды алып баруудагы заманбап клиникалык ыкмаларга бурулду.
Катышуучулар практикалык учурларды талкуулап, диагностика жана дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча маалымат алышты, ошондой эле кесиптик тажрыйба алмашышты. Мындай окутуулар жаш адистердин квалификациясын жогорулатууга жана клиникалык практикада заманбап медициналык ыкмаларды колдонууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучуларга окуудан өткөнүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды.