News

ЖАЭУда 3D анатомиялык стол «Пирогов» киргизилди

Бүгүн Жалал-Абад эл аралык университети билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында дагы бир маанилүү кадам жасады. Университет тарабынан заманбап интерактивдүү 3D анатомиялык «Пирогов» столу сатып алынды.

Бул жаңы технология медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатып, студенттерге адам организминин түзүлүшүн 3D форматта терең жана так изилдөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары заманбап технологияны колдонуу боюнча 3 күндүк атайын окуудан өтүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Эми биздин студенттер медициналык сабактарды инновациялык ыкмалардын негизинде, визуалдык жана практикалык деңгээлде өздөштүрүп, келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү дарыгерлер болуп калыптанышына чоң шарт түзүлөт.

Биз билим берүү тармагына инновацияларды киргизүүнү улантабыз жана студенттерибиз үчүн эң мыкты шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз!
KG