ЖАЭУнун кызматкерлерине Манас шаарынын мэриясынын ыраазычылык грамоталары тапшырылды
Жалал-Абад эл аралык университетинде Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында Манас шаарынын мэриясынын ыраазычылык грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Сыйлыктар ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн тапшырылды.
Ыраазычылык грамоталары менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды:
Грамоталарды тапшыруу университет кызматкерлеринин эмгегине, жоопкерчилигине жана билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымына болгон ыраазычылыктын белгиси болду.
Жалал-Абад эл аралык университетинин жетекчилиги сыйлык ээлерин куттуктап, аларга мындан аркы кесиптик ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана үзүрлүү эмгекти каалайт.