News

ЖАЭУ жетекчилигинин Азербайжандагы UI GreenMetric 2026 иш-чарасына катышуусунун экинчи күнү

KG
2026-жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин жетекчилиги Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан UI GreenMetric Sustainable University Rankings 2026 Results and Awards Ceremony эл аралык иш-чарасына катышуусун улантууда.

ЖАЭУнун атынан университеттин ректору Нарымбетов Талантбек Канатбекович жана эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча проректор Дипак Чолагейн катышууда.

“When Campuses Teach: Designing Physical Spaces That Educate for Sustainability” аттуу панелдик талкуунун алкагында Дипак Чолагейн университеттин ачык кампус мейкиндиктерин билим берүүчү чөйрө катары пайдалануу жана студенттерди, жергиликтүү коомчулукту, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана конокторду туруктуу өнүгүү маселелерин талкуулоого тартуу боюнча пикир алышууга катышты.

Экинчи күндүн программасы «2050-жылдагы университет» концепциясына, санариптик туруктуулукка, IT жана жасалма интеллекттин экологиялык таасирине, социалдык жоопкерчиликке жана университеттер менен өнөр жай тармагынын кызматташуусуна арналды.

Күндүн негизги иш-чараларынын бири — UI GreenMetric World University Rankings 2026 жыйынтыктарын жарыялоо жана сыйлык тапшыруу аземи.

ЖАЭУ жетекчилигинин катышуусу эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк университеттер менен тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.