News

ЖАЭУнун делегациясы Борбордук Азия медициналык университетине барды

KG
Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) делегациясы Өзбекстандын Фергана шаарындагы Борбордук Азия медициналык университетине иш сапары менен барды. Делегацияны сапат жана дарылоо иштери боюнча проректор Ташиева Г.С. жетектеди.

Сапардын жүрүшүндө университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, медициналык билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды. Студенттер үчүн Ташиева Г.С. жана Жунусова Д.Н. лекция окушту.

Бул сапар эки университеттин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түздү