News

ЖАЭУ Erasmus+ программасынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) өкүлдөрү менен Кыргызстандагы Erasmus+ программасынын Улуттук кеңсесинин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга ЖАЭУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Эльмира Сыдыковна Майназарова, профессор Бубусайра Толобаевна Орозбекова жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Муаттар Тургунова катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө университеттин Erasmus+ эл аралык долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрү, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүктү өнүктүрүү жана студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, студенттердин практикалык даярдыгын өркүндөтүүгө жана окутуучулардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган долбоордук сунуштарды даярдоо мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эл аралык билим берүү долбоорлоруна катышууну кеңейтүү боюнча келечектүү багыттар жана мындан аркы иш-аракеттер талкууланды.
2026-11-02 14:40 KG