News

JAIUнун өкүлү Астана шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда баяндама жасады

KG
2026-жылдын 10–11-сентябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы «Астана медицина университети» КеАК базасында «Профилактикалык медицина – сапаттуу жана сергек узак жашоонун вектору: Конференция – 2026» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция университеттин алгачкы бүтүрүүчүсү, академик Ерболат Дербисалиевич Даленовдун 80 жылдык мааракесине жана эскерүү күнүнө арналды.

Эл аралык илимий иш-чарада Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) атынан Ташиева Гульбара Самидиновна — медицина илимдеринин кандидаты, профессордун м.а., ЖАЭУнун сапат жана дарылоо иштери боюнча проректору катышты.

11-сентябрда Гульбара Самидиновна «Узак жашоо: профилактикалык медицинанын заманбап ыкмалары» аттуу №1 панелдик сессияга катышып, «Активдүү узак жашоонун интеграцияланган технологиясы: жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөрдүн алдын алууда мөлчөрлөнгөн дене активдүүлүгү жана Кыргызстандын салттуу азык-түлүк ресурстары» деген темада баяндама жасады.

Конференциянын алкагында окумуштуулар жана саламаттык сактоо тармагынын адистери профилактикалык медицинанын заманбап багыттарын, сергек жана активдүү узак жашоо, тобокелдик факторлорун башкаруу, нутрициология, геномика, гериатрия, коомдук саламаттык сактоо жана оорулардын алдын алууда заманбап технологияларды колдонуу маселелерин талкуулашты. Пленардык программада ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), илимий борборлордун жана медициналык университеттердин өкүлдөрүнүн баяндамалары сунушталды.

ЖАЭУнун өкүлүнүн эл аралык конференцияга катышуусу илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууга, академиялык байланыштарды кеңейтүүгө жана ЖАЭУнун илимий ишмердүүлүгүн эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзөт.

Жалал-Абад эл аралык университети эл аралык илимий кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүп, окумуштууларынын жана окутуучуларынын маанилүү эл аралык илимий-билим берүү иш-чараларына катышуусун колдоону улантат.