Жалал-Абад эл аралык университети University of Kabridahar (Эфиопия) менен жаңы академиялык байланыштарды түздү. Эки университеттин ортосунда билим берүү жана илим тармагында узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу жөнүндө документке кол коюлду.
Жаңы өнөктөштүк академиялык тажрыйба алмашууга, окутуучулар менен студенттердин өз ара байланышын өнүктүрүүгө, биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө демилгелерин ишке ашырууга, ошондой эле конференцияларды, семинарларды жана башка академиялык ишчараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
University of Kabridahar — Эфиопиядагы мамлекеттик жогорку окуу жайы. Университет саламаттык сактоо, табигый илимдер, инженердик, социалдык-экономикалык жана башка багыттар боюнча адистерди даярдайт.
Бул кызматташтык ЖАЭУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүдө жана Африка аймагындагы жогорку окуу жайлары менен жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүүдө өзгөчө мааниге ээ. Кол коюлган документ мындан аркы биргелешкен академиялык жана илимий демилгелерди өнүктүрүүгө негиз түзөт.