2026-жылдын 28-октябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында жогорку билим берүүнү өнүктүрүү, эл аралык аккредитация, билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана академиялык кызматташтык маселелерине арналган Борбордук Азиянын эл аралык билим берүү форуму өтүүдө.
Форумдун ишине Жалал-Абад эл аралык университетинин медицина факультетинин деканы, IAAR жана QS боюнча эл аралык эксперт Астанов Шавкатбек Моминжанович катышууда.
Иш-чарага Борбордук Азиянын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана билим берүү тармагынын адистери катышууда.
Форумда эл аралык аккредитация стандарттары, билим берүүнүн сапатын камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү, санариптик трансформация, жасалма интеллектти колдонуу, илимий инновациялар жана университеттердин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланууда.
Медицина факультетинин деканынын эл аралык форумга катышуусу кесиптик тажрыйба алмашууга, жогорку билим берүүнүн сапатын баалоонун заманбап ыкмаларын үйрөнүүгө жана чет өлкөлүк университеттер менен академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Жалал-Абад эл аралык университети эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана дүйнөлүк жогорку билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөө багытындагы иштерин улантууда.