Жалал-Абад эл аралык университетинин (JAIU) кызматкерлери Акрамжанов Акмал Тажидинович жана Тургунова Муаттар Сардарбековна Индиянын Нью-Дели шаарындагы алдыңкы көп тармактуу медициналык борборлордун бири болгон BLK-Max Super Speciality Hospital ооруканасында кесиптик стажировкадан өтүүнү улантууда.
Стажировка учурунда адистер бейтаптарды диагностикалоо, дарылоо жана клиникалык башкаруунун заманбап ыкмалары боюнча практикалык билим алышууда. Ошондой эле алар клиникалык ишмердүүлүккө активдүү катышып, индиялык кесиптештеринин бай практикалык тажрыйбасынан үйрөнүшүүдө.
Өзгөчө көңүл жогорку адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап ыкмаларын, клиникалык бөлүмдөрдүн ишин уюштуруу жана башкаруу принциптерин үйрөнүүгө, ошондой эле алдыңкы медициналык ыкмаларды практикада колдонууга бурулууда. Стажировка учурунда алынган билим жана тажрыйба Жалал-Абад эл аралык университетинин жана Shifa Clinic ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Бул стажировка эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо, медициналык адистердин кесиптик компетенцияларын жогорулатууда жана квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.