Вирустар жана клетканын өлүмү: ЖАЭУда патология боюнча ачык сабак өттү
2026-жылдын 23–24-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетинин морфологиялык дисциплиналар кафедрасында 2-курстун студенттери үчүн патология боюнча ачык сабак өткөрүлдү. Сабакты доктор Зубайр Бхат өттү.
Сабак заманбап патологиянын актуалдуу багыттарынын бири — вирустардын клетканын өлүмүнө жана оорулардын өнүгүшүнө тийгизген таасиринин механизмдерине арналды. Бул процесстер Капоши саркомасынын жана контагиоздук моллюсктун мисалында каралды.
Өзгөчө көңүл вирустук белоктордун апоптозду жөнгө салуудагы ролуна, каспаза-8 ферментинин активдүүлүгүнө жана вирус жуккан клеткалардын жашап калуу механизмдерине бурулду.
Ачык сабак клиникалык сүрөттөрдү, мультимедиялык презентацияларды жана түшүндүрмө схемаларды колдонуу менен интерактивдүү форматта өттү. Студенттер талкууларга активдүү катышып, берилген материалдарды талдоо аркылуу патологиялык процесстердин молекулалык механизмдери боюнча билимдерин тереңдетишти.
Мындай сабактар студенттердин илимий жана клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, фундаменталдык билимди заманбап медициналык практика менен айкалыштырууга өбөлгө түзөт.