2026-жылдын 6-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) илим, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору З.А. Асилова Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ч. Абыкеев менен болгон жолугушууга катышты. Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өттү.
Жолугушууда жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү, студенттер менен тарбиялык иштерди өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен университеттердин кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууланды.