News

Жаэунун Профессордук-Окутуучулук Курамы Квалификациясын Жогорулатууда

Жалал-Абад эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук курамынын 87 өкүлү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулган 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүүдө.
Окутуу гибриддик форматта (онлайн жана офлайн) жүргүзүлүп, «Билим берүү процессин уюштуруунун заманбап ыкмалары: окутуунун инновациялык методдору (TBL, SBL, PBL, CBL), тестология, инклюзивдик билим берүү, жасалма интеллект жана баалоо каражаттарынын фонду» темасын камтыйт.

Курстун негизги максаты — окутуучулардын педагогикалык компетенттүүлүгүн өркүндөтүү, заманбап окутуу технологияларын өздөштүрүү жана инновациялык методдорду билим берүү процессине натыйжалуу киргизүү.

ЖАЭУ профессордук-окутуучулук курамдын үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы иштерди ырааттуу улантууда.
KG