News

ЖАЭУ менен ОшМУнун ортосунда медициналык физика боюнча тажрыйба алмашуу

2026-жылдын 31-октябрында Жалал-Абад эл аралык университетине (ЖАЭУ) Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) өкүлдөрү — Эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Алиева Чынара Мукашовна жана Билим берүүнүн сапаты жана рейтинг бөлүмүнүн башкы адиси Бакирова Шайыргүл Орозалиевна иш сапары менен келишти.

Иш сапар академиялык мобилдүүлүктүн алкагында медициналык физика дисциплинасы боюнча лабораториялык сабактарды уюштуруу жана виртуалдык лабораторияларды колдонуу тажрыйбасын алмашуу максатында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖАЭУнун окуу иштери боюнча проректору Садырова Нургүл Адылгазиевна билим берүү жана илим жаатындагы жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Орозбаева Жылдыз Мариповна конокторду кафедранын ишмердүүлүгү жана физика лабораториясынын материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды.

Тажрыйба алмашуунун жүрүшүндө медициналык физиканы окутуунун практикалык аспектилерине, лабораториялык сабактарды уюштурууга жана билим берүү процессинде виртуалдык лабораторияларды пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу кесиптик тажрыйба алмашууга жана университеттердин ортосундагы мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого өбөлгө түздү.
2026-11-02 15:05 KG