Симуляциялык борбор жана OSCE/OSPE сынактары

Симуляциялык борбор жана OSCE/OSPE сынактары

Жалал-Абад эл аралык университети

Симуляциялык борбор жөнүндө

Жалал-Абад эл аралык университетинин симуляциялык борбору медицина факультетинин студенттери үчүн практикалык даярдоонун негизги элементи болуп саналат жана Objective Structured Clinical Examinations (OSCE) жана Objective Structured Practical Examinations (OSPE) өткөрүү үчүн негиз түзөт. Борбор студенттерге чыныгы пациенттер менен иштөөдөн мурун клиникалык көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн коопсуз окуу чөйрөсүн камсыз кылат.

Практикалык даярдоо

Практикалык көндүмдөр адистештирилген симуляциялык борборлордо, фантомдук лабораторияларда жана университеттин клиникалык базаларында өнүктүрүлөт. Окуу процесси этаптарга бөлүнөт: башталгыч курстарда пациент менен баарлашуу жана пациентке кам көрүүнүн негизги көндүмдөрүн өздөштүрүүдөн баштап, жогорку курсарда диагностикалык жана дарылоо процедураларын жасоого, клиникалык учурларды талдоого жана мугалимдин көзөмөлү астында врачтын жардамчысы катары иштөөгө чейин.

70% Окутуунун симуляциялык компоненти

Даярдоо структурасына күчтүү симуляциялык компонент киргизилген: окуу убактысынын 70 пайызына чейири практикалык ишке, анын ичинде фантомдордо тренингдер, стандартташтырылган пациенттер, симуляциялык сценарийлер жана станциялык OSCE/OSPE сынактарына бөлүнөт. Бул клиникалык компетенциялардын, баарлашуу көндүмдөрүнүн калыптанышын жана чыныгы клиникалык чөйрөдө иштөөгө даярдыкты объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.

Инновациялык технологиялар

Симуляциялык борбор активдүү өнүгүп жатат: университет симуляциялык жабдуулар паркин кеңейтип, санариптик симуляцияларды, VR/AR элементтерин жана интерактивдүү окутуу формаларын киргизүүдө. Инновациялык технологиялардын мындай интеграциясы студенттерди даярдоону көрүнүктүү, коопсуз жана эл аралык медициналык билим берүү стандарттарына жакын кылат.

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо

OSCE/OSPE колдонуу eBilim системасы, тестирлөө жана учурдук көзөмөл менен айкалыштырылып, окуу жетишкендиктеринин ачык жана ырасталган баалоосун камсыз кылат жана келечектеги врачтарды даярдоонун сапатын кепилдөө үчүн маанилүү курал болуп эсептелет.

OSCE
Объективдүү структураланган клиникалык экзамен
OSPE
Объективдүү структураланган практикалык экзамен
VR/AR
Виртуалдык жана кеңейтилген чыныгылык технологиялары