
Эмчек рак оорусу боюнча маалымдуулук айы – 2025
Октябрь 22, 2025
Академиялык мобилдүүлүк алкагындагы конок лекциялар!
Октябрь 23, 2025Кечээ Жалал-Абад эл аралык университетинде 1-курс студенттери үчүн семинар болуп өттү. Иш-чара илимий-изилдөө ишинин окуудагы ролуна арналды.
Катышуучулар студенттик илимдин негиздери менен таанышып, илимий кружокторго, конкурсларга жана конференцияларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле өз алдынча изилдөө жүргүзүү боюнча алгачкы сунуштарды да угушту.
🎓 Мындай иш-чаралар студенттерге окуунун алгачкы күндөрүнөн тартып окууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана жаңы ачылыштарга умтулууга жардам берет.






