
Расмий кызматташтык: ЖАЭУ Индиядагы Arise Medical Academy менен FMGE/NEXT экзамендерине даярдоо боюнча өнөктөштүк түздү
Январь 9, 2026
JAIU FMGE/NEXT экзамендерине даярдоо боюнча DocTutorials менен санариптик өнөктөштүк түздү
Январь 14, 20262026-жылдын 13-январында клиникалык дисциплиналар кафедрасында кезектеги кафедралык жыйын өткөрүлүп, анда окутуучулар күзгү семестрде аткарылган иштер боюнча отчетторун тапшырышты.
Ар бир окутуучу окуу жана жеке пландарга ылайык жүргүзүлгөн ишмердүүлүгү тууралуу презентация даярдап, негизги багыттар боюнча жетишкендиктерин көрсөттү. Айрыкча квалификацияны жогорулатуу жана окуу-усулдук ишмердүүлүк жаатындагы жетишкендиктер белгиленди.
Отчеттордун жыйынтыгында окутуучулар өз иштерине анализ жүргүзүп, күчтүү жактарын белгилешип, өркүндөтүүнү талап кылган багыттарды аныкташты.
Жыйындын соңунда кафедра башчысы Ташиева Гульбара Самидиновна жалпы жыйынтык чыгарып, сунушталган иштердин жогорку деңгээлде аткарылганын белгиледи. Өзгөчө Арзыкулова Айнагуль Бакытбековна, Таджибаева Айсулуу Таалайбековна жана Макамбай Айгеримдин отчеттору жогору бааланды.
Жыйынтыктоо менен кафедра башчысы кафедранын стратегиялык милдеттери жана келечектүү өнүгүү планы менен тааныштырып, коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык кызматкерлерди бирдиктүү, натыйжалуу команда болуп иштөөгө чакырды.







