
Урматтуу Жалал-Абад эл аралык университетинде эмгектенген мекен коргоочулар!
Февраль 23, 202623-февраль күнү Жалал-Абад эл аралык университетинде морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Жуманалиева Максуда Бекиеванын жетекчилиги алдында Мекен сакчыларынын күнүнө арналган «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» аттуу салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага ардактуу конок катары Манас шаарындагы №7704 аскер бөлүгүнүн командири подполковник Мадияров Ильяз Мамазакирович жана аталган бөлүктүн 30 аскер кызматкери чакырылды.
Салтанаттуу аземди ЖАМУнун президенти, экономика илимдеринин доктору, профессор Арынбаев Жаныбай Токоевич жана ЖАМУнун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич ачып беришти.
Университеттин жетекчилиги №7704 аскер бөлүгүнүн командирине жана жеке курамына терең ыраазычылык билдирип, ЖАМУнун атынан баалуу белектерди салтанаттуу түрдө тапшырды.
Морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте майрамдык концерттик программа даярдашты. Программага бий номерлери, ырлар жана сахналаштырылган көрсөтүүлөр кирип, конокторго майрамдык маанай тартуулады. Аскер кызматкерлеринин катышуусу студенттер үчүн дем берүүчү үлгү болуп, Мекенге кызмат кылуунун маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда №7704 аскер бөлүгүнүн өкүлү подполковник Мадияров И.М. Жалал-Абад эл аралык университетине ыраазычылык катын тапшырды. Салтанаттуу кеч жылуу, патриоттук маанайда өтүп, университет менен аскер бөлүгүнүн кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түздү.









