
Жалал-Абад эл аралык университети Кариб деңизиндеги медициналык университеттер менен өз ара кызматташууну меморандумдарына кол койду
Март 12, 2026Жалал-Абад эл аралык университетинин доценти, эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректор Dipak Chaulagain (MD, MS, FMAS, PhD), Fundamentals of Research Methodology: A Practical Approach аттуу эл аралык китептин авторлорунун бири болду.
Китеп эл аралык авторлор тобу тарабынан жазылган. Алардын катарында Purna Chandra Pradhan, Prosper Kwame Klu, Дипак Чаулагайн жана Harshitha Y. S. бар. Бул эмгек илимий изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча кеңири практикалык колдонмо болуп эсептелип, изилдөөнүн тартиби, маалыматтарды чогултуу, талдоо жана илимий тилде жазуу сыяктуу негизги маселелерди камтыйт.
Д-р Чаулагайн — эл аралык деңгээлде активдүү илимпоз, ал беделдүү эл аралык журналдарда 50дөн ашык илимий макаланын автору. Ошондой эле ал ЖАЭУ дагы ишмердүүлүгүнөн тышкары Eurasian Journal of Science and Medical Research (EJSMR) журналынын башкы редакторунун орун басары болуп да эмгектенет.
Жаңы жарык көргөн бул китеп студенттер, окутуучулар жана жаш изилдөөчүлөр үчүн баалуу академиялык булак болуп, сапаттуу илимий изилдөө жүргүзүүгө жана илимий жазуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө практикалык жардам берет деп ишенебиз.
ЖАЭУнун жетекчилиги Дипак Чаулагайнды жана анын авторлошторун бул маанилүү жетишкендик менен куттуктап, аталган эмгек университеттин жана жалпы эл аралык илимий коомчулуктун илимий потенциалын өнүктүрүүгө чоң салым кошот деген ишенимин билдирет.




