
Dr. Nadeem Zafar Жалал-Абад эл аралык университетинде технологияларды окутуу процессине интеграциялоо боюнча профессордук-окутуучулук курам үчүн мастер-класс өткөрдү.
Декабрь 13, 2025
Делидеги IKEAдан болгон Индиялык кабыл алуучу өнөктөштөрдүн Жалал-Абад Эл аралык Университетине барып келиши
Декабрь 16, 2025Жалал-Абад эл аралык университетинде 2025-жылдын 15–19-декабрь күндөрү студенттер арасында салттуу Спартакиада өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты – студенттерди сергек жашоо образын карманууга үндөө, дене тарбия жана спортко кызыгуусун арттыруу, ошондой эле мыкты спортчуларды аныктап, шаардык, облустук мелдештерге жана Кыргыз Республикасынын Универсиадасына даярдоо.
Спартакиаданын программасына төмөнкү спорт түрлөрү кирет: волейбол, стол тенниси, шахмат, салттуу жаа атуу, аркан тартыш, кичи футбол жана жеңил атлетика. Баардык мелдештер учурдагы эрежелердин негизинде өткөрүлөт.
Спорттун ар бир түрү боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Иш-чараны Гуманитардык жана табигый дисциплиналдар кафедрасы уюштурууда.










