Каттоо формасы
Февраль 12, 202613-февралда Жалал-Абад эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен окутуучулар жана студенттер үчүн атайын семинар-тренинг уюштурулду.
Иш-чараны өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери Сапанов Өмүрбек Мухидинович жана административдик-чарбалык иштер боюнча проректор Торокулов Элдияр Шаршенович өткөрүштү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу боюнча негизги талаптар кеңири түшүндүрүлүп, практикалык көндүмдөр көрсөтүлдү:
- өрт чыккан учурда эвакуациялоонун тартиби;
- өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын туура колдонуу эрежелери;
- жер титирөө учурунда аракеттенүү алгоритми;
- жарандык коргонуунун негизги талаптары.
Мындай иш-чаралар кызматкерлер менен студенттердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатып, университетте коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.
к действиям в чрезвычайных ситуациях и формированию безопасной образовательной среды в университете.








