
Курск мамлекеттик медициналык университетиндеги (КММУ) III Эл аралык конференцияга ЖАЭУнун кызматкерлери катышты
Март 26, 2026
ЖАЭУда профессордук-окутуучулук курамдын англис тили боюнча TOEFL форматындагы тестирлөөсү өткөрүлүүдө
Март 28, 2026Бүгүн, 2026-жылдын 28-март күнү, Жалал-Абад эл аралык университетинде студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 5-мартындагы №20-2388 тапшырмасынын тескемесинин негизинде уюштурулду.
Бүгүнкү ишембиликтин алкагында ЖАМУнун аймагында жана университетке жакын жайгашкан Курманбек көчөсүндө тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралар тазалыкты камсыз кылууга, санитардык абалды жакшыртууга жана билим берүү мекемесинде жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.
ЖАМУ Министрлик тарабынан каралган иш-чараларды ишке ашырууга активдүү катышып, өз аймагын көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга салым кошуп келет.

















