
ОшМУнун медицина факультетинин делегациясы менен жолугушуу
Апрель 3, 20262026-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Жалал-Абад эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери кезектеги ишембиликке активдүү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин аймагы жана ага чектеш 30 сотых жер аянты тазаланып, ошондой эле Жалал-Абад аэропортунан Б. Осмонов көчөсүнө чейинки 2 км жол ирээтке келтирилди. Аллеялар тазаланып, окуу жана эс алуу зоналары иретке келтирилип, ЖАМУнун окуу корпусунун аймагына көчөттөр отургузулду. Жалпы жыйынтыгында болжол менен 10 куб метр таштанды жыйналды.
Катышуучулар жогорку уюшкандыкты, жоопкерчиликти жана биримдикти көрсөтүштү. Мындай иш-чаралар экологиялык маданиятты калыптандырууга, жамааттык ынтымакты чыңдоого жана социалдык жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө түзөт.







