
БАЭМУ жетекчилиги ЖАЭУга иш сапар менен келип президентти куттуктады
Декабрь 12, 2025
ЖАМУда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган адабий-агартуучулук иш-чара өттү
Декабрь 13, 2025Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябры Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары т.и.к., доцент В.Э. Анарбекова жана окутуучу М.У. Азимова К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде экономика адистигинин студенттери үчүн “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясытууралуу ачык саат өткөрүштү.
Алар студенттерге концепциянын негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ачык саатта жарандык жоопкерчилик, мыйзамдуулукту сактоо, коомдук ынтымакты чыңдоо, ошондой эле мекенчилдик тарбия жана биримдик маселелери талкууланды. Талкуу учурунда студенттер активдүү катышып, суроолорун берип, өз ойлорун ортого салышты. Жыйынтыгында жаштардын жарандык аң-сезимин жогорулатуу жана коомдо ынтымакты сактоонун мааниси белгиленип, мындай тарбиялык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгы айтылды.








