
Кыргыз тилинде
Апрель 2, 20262026-жылдын 2-апрелинде Жалал-Абад эл аралык университетинде Аутизм тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу күнүнө карата семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар нейроар түрдүүлүк, аутизм тууралуу маалымдуулукту жогорулатуунун мааниси, ошондой эле толеранттуу жана колдоочу коомду калыптандыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле аутизм спектриндеги өзгөчөлүктөрү бар адамдарга жардам көрсөтүүдө жана алардын коомго ийгиликтүү интеграцияланышында келечектеги медицина кызматкерлеринин ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик жана гуманисттик баалуулуктарын өнүктүрүүгө, социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.









