
ВАКтын жаңы талаптары боюнча өткөрүлгөн семинар жөнүндө
Март 31, 2026Жалал-Абад эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 8 чечимине ылайык, Умуркулова Чолпонай Жуманалиевна жогорку спорттук жетишкендиктери жана университеттин эл аралык деңгээлде татыктуу өкүлү болгондугу үчүн университеттин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Аны сыйлоого негиз болгон жетишкендик — 2026-жылдын 18–21-март күндөрү Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өткөн салттуу жаа атуу боюнча «Полевой стрелок» аттуу Азия чемпионатындагы жеңиши. Мелдештин жыйынтыгында Чолпонай Жуманалиевна аялдар арасындагы «Жамбы» категориясында I орунду ээледи.
Бул жетишкендик жогорку чеберчиликтин, бекем эрктин, максатка умтулуучулуктун жана зор эмгектин айкын далили болуп саналат. Чолпонай Жуманалиевнанын жеңиши университет жамааты үчүн зор сыймык жаратып, студенттерге, жаштарга жана жалпы университет коомчулугуна татыктуу үлгү болуп кызмат кылат.
Жалал-Абад эл аралык университети Чолпонай Жуманалиевнаны татыктуу сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден соолук, жаңы ийгиликтерди, түгөнгүс кубат жана мындан аркы жеңиштерди каалайт.
Жалал-Абад эл аралык университетинин жамааты




