Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы
Кафедра башчысы: Калмуратова Айша Орозбаевна
Манас шаары, Островский көчөсү, 137 | E-mail: aisha-kalmuratova@mail.ru
Кафедра жөнүндө маалымат
2024-жылы Жалал-Абад Эл аралык университетинин курамында Медициналык факультет ачылып, ага 2024-жылдын 26-августундагы Негиздөөчүлөр кеңешинин №2 протоколу менен эки кафедра киргизилген: жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасы жана гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы.

Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы студенттерге гуманитардык жана табигый илимдер боюнча негизги билим берүү максатында түзүлгөн. Негизделген күндөн тартып кафедра философия, тарых, тилдер, биология, химия, физика жаатындагы адистерди бириктирген университеттин маанилүү структуралык бөлүмүнө айланды.

2025–26-окуу жылында кафедра башчысы болуп филология илимдеринин кандидаты, доцент Калмуратова Айша Орозбаевна дайындалган.

Кафедра 710100 – «Информатика жана эсептөө техникасы» багытынын «Маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» профили боюнча (бакалавр) адистерди даярдайт.

Кафедрада төмөнкүдөй дисциплиналар окутулат: философия, тарых, мамлекеттик, расмий жана англис тилдери, биология, химия, физика жана башкалар.

Студенттерге сапаттуу билим берүү жана татыктуу адистерди даярдоо үчүн кафедра заманбап техникалык жабдыктар менен толук камсыздалган. Бардык окуу бөлмөлөрү LED экрандар, проекторлор менен жабдылган, ошондой эле эки компьютердик класс жана эки лаборатория окутуу процессине даярдалган. Кафедранын материалдык-техникалык базасы 98% деңгээлде камсыздалган.
Кафедранын курамы
Аты-жөнү Кызматы Илимий даражасы, наамы Иш тажрыйбасы
1 Калмуратова Айша ОрозбаевнаКафедра башчысыФилология илимдеринин кандидаты, доцент39
2Анарбекова Венера ЭркинбековнаДоцентТарых илимдеринин кандидаты, доцент24
3Курбанова Назгүл АбийбилаевнаУлуу окутуучу20
4Умуркулова Чолпонай ЖуманалиевнаУлуу окутуучу28
5Усубалиева Клара АбдыгаппаровнаУлуу окутуучу37
6Аккулуева Нуриза ТажимырзаевнаУлуу окутуучу15
7Джаратова Айгуль АлдашбаевнаОкутуучу31
8Касымов Бакай ЖайлообековичОкутуучу9
9Тагаева Мира АширбековнаОкутуучу10
10Атыбаева Илимкан ЖенишбековнаОкутуучу9
11Азимова Мавлюда УсенбаевнаҮйрөнчүк-окутуучу2
12Сатаров Дулатбек НурдиновичҮйрөнчүк-окутуучу2
Ишмердүүлүк жана жетишкендиктер
Кафедранын коллективи тажрыйбалуу окутуучулар менен жаш илимпоздорду бириктирип, билим берүү жана илимий долбоорлордо активдүү катышат.

Кафедранын окутуучулары илимий басылмаларда активдүү жарыялоо жасоо, окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу жана ар кандай деңгээлдеги конференцияларга катышуу менен алектенет. Алар тарабынан 50дөн ашык окуу-усулдук колдонмо, 60тан ашык окуу-усулдук жетекчилик жана болжол менен 100гө жакын илимий макала басылып чыккан.

Кафедрада ачык сабактар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, төмөнкүдөй ийримдер уюштурулган: «Кыл мерген» (жаа атуу), «Шаг за шагом» (орус тили), «Кыргыз тилин үйрөнөм», «Англис тилин кызыгуу менен», «Кыргызстандын тарыхый жерлерине саякат».

23-сентябрда Мамлекеттик (кыргыз) тили күнү белгиленди. «Кыргыз тили — биз үчүн орду бийик, Ала-Тоодой ар дайым бийик болсун» деген ат менен концерттик программа өткөрүлдү.

Окутуучу Умуркулова Чолпонай Корея Республикасынын Улсан шаарында өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орунду ээлеп, Т. Зулпуевдин 100 жылдыгына арналган жаа атуу боюнча мелдеште I даражадагы дипломго ээ болду.

2025-жылдын 10-ноябрында I студенттик конференция «Медицинадагы перспективалар: XXI кылым» деген темада өткөрүлдү.
Окутуучулардын сыйлыктары
  • КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы — 4
  • Облустун губернаторунун Ардак грамотасы — 3
  • Университеттин Ардак грамотасы — 14
  • Шаардык мэриянын Ардак грамотасы — 5
  • Билим берүүнүн мыктысы — 3
  • Облустук жана шаардык профсоюздун Ардак грамотасы — 6
Кафедранын тышкы байланыштары
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети
  • Борбордук Азия эл аралык медициналык университети
  • Ош мамлекеттик университети
  • Ош эл аралык медициналык университети
  • Түштүк Азия университети
  • Азия медициналык институту
  • Самарканд мамлекеттик университети
  • Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
  • Хор Факкан университети
  • Швейцария эл аралык бизнес мектеби