
Кызматташтык жөнүндө келишимге кол кою
Январь 15, 2026
Индиядан келген эл аралык эксперттин визити
Январь 15, 2026ЖАМУда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссия 2024-жылдын январь айында түзүлгөн жана университетте активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Студенттер менен жолугушуулар өткөрүлүп, коррупциянын коомго жана билим берүү процессине тийгизген зыяны тууралуу маалымат берилди. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча студенттердин маалымдуулугун камсыз кылуу үчүн студенттер менен дайыма жолугушуулар өткөрүлүп турат. Коррупция учурларын аныктоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында студенттер арасында сурамжылоолор жүргүзүлгөн.
2025-2026-окуу жылынын башынан тарта комиссия өз ишин улантты. Комиссиянын иши бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт. Комиссия университетте студенттер жана профессордук-окутуучулар курамы менен коррупцияга каршы профилактика боюнча үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турат. Комиссия университеттеги бардык процесстердин, анын ичинде окуу процессинин, экзамен жана зачетторду кабыл алуунун ачыктыгын жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда. Бул максатта комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө отчеттор, ошондой эле университеттин эрежелери жана жол-жоболору тууралуу маалыматтар жарыяланат.




