
ЖАЭУда спортчуларды сыйлоо аземи өтүп, I Студенттик Спартакиада жыйынтыкталды
Декабрь 19, 2025
ЖАЭУнун студенттерин, ата-энелерин жана окутуучуларын куттуктайбыз — ЖАЭУ эми AMSE уюмунун мүчөсү!
Декабрь 20, 2025Бүгүн Жалал-Абад эл аралык университетине (ЖАЭУ) иш сапары менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы редактору Кубатбек Жусупбекович Маматoв жана корпорациянын кызматкерлери келишти.
Иш сапардын жүрүшүндө меймандарга университеттин ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. УТРКнын өкүлдөрү ЖАЭУнун түзүмдүк бөлүмдөрү менен таанышып, окуу корпустарын жана лабораторияларды көрүп чыгышты, ошондой эле студенттер үчүн түзүлгөн окуу жана студенттик жашоо шарттарына баа беришти.
Мындан тышкары, УТРКнын чыгармачыл тобу университеттин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуп, ЖАЭУнун келечектеги өнүгүү багыттарын жана мындан аркы кызматташтыктын мүмкүн болгон форматтарын талкуулашты.
Бул жолугушуу университет менен медиа-сектордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле билим берүү процессинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга маанилүү кадам болду.







