
Жалал-Абад эл аралык университетинин студенттеринин эсине!
Декабрь 6, 2025
Жалал-Абад эл аралык университетине Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Сабиров Мухтар Сатыбалдиевичтин жетектөөсү менен келип кетишти.
Декабрь 6, 2025Бүгүн, 2025-жылдын 5-декабрында, ЖАЭУда «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын эрдиктерин жана эмгектерин түбөлүккө калтыруу» темасында кереге кеңеш болуп өтүп, анда өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы аталардын салымы талкууланды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июнундагы №205 «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов) жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулду.
Кереге кеңешти университеттин Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн өмүр жолу жана мамлекеттик-саясий ишмердүүлүгүн терең илимий жана тарбиялык жактан изилдөөнүн маанилүүлүгүн, алардын улуттук көз карашын жана жаш муундардын патриоттук тарбиясын калыптандыруудагы ролун баса белгилешти.
Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда «Кыргызстандын тарыхы», «Кыргыз тили» сыяктуу предметтердин билим берүү программаларына кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын эрдиктерин жана эмгектери жөнүндө материалдарды кеңири киргизүү, ошондой эле илимий-практикалык тегерек столдорду жана студенттик конференцияларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу сунушталды.












