
Клиникалык дисциплиналарда ачык сабак: аборттун түрлөрү жана тез жардам көрсөтүү боюнча практикалык окутуу
Ноябрь 23, 2025
ЖАЭУ балдар психоневрологиялык борборун колдоону улантууда
Ноябрь 25, 20252025-жылдын 24-ноябрында ЖАЭУнун окутуучулар жамаатынын өкүлдөрү жана студенттери К. Эрматов атындагы №75 мектеп-интернатына барып келишти. Делегация окуу шарттары менен таанышып, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары менен баарлашып, ЖАЭУдагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
ЖАЭУнун илим, мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору Асилова Зульфия Атамырзаевна мектеп директору Оморов Рашид Айтмаматовичке 2026–2027-окуу жылында интернаттын бүтүрүүчүлөрүнө 5 акысыз орунга чейин берүү тууралуу сертификатты тапшырып берди. Университетке да ректор Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевичтин атына ыраазычылык каты тапшырылды.
Бул демилге таланттуу жаштарды колдоого, алардын жогорку сапаттагы билимге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана университет менен билим берүү мекемелеринин кызматташуусун чыңдоого багытталган.










