билим берүү процессиндеги виртуалдык бейтаптар
Ноябрь 15, 20252025-жылдын 18-19-ноябрнда Жалал-Абад эл аралык университетинин ректору Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич жана эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча проректору Дипак Чахлагаин “Central Asian Medical University” Эл аралык медицина университети (Өзбекстан Республикасы, Фергана шаары) тарабынан уюштурулган «Медицинадагы реформалар – адам урматы үчүн» деген эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.
Сапардын чегинде Жалал-Абад эл аралык университети (Кыргыз Республикасы, Манас шаары) менен “Central Asian Medical University” Эл аралык медицина университети (Өзбекстан Республикасы, Фергана шаары) ортосунда медициналык билим берүүнү өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен илимий долбоорлор боюнча кызматташтык жөнүндө келишимдер кол коюлду.









