
ЖАМУда профессордук-окутуучулук курамдын, кызматкерлердин жана студенттердин катышуусунда ишембилик өттү
Март 28, 2026Жалал-Абад эл аралык университетинде профессордук-окутуучулук курамдын англис тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында TOEFL форматындагы тестирлөө өткөрүлүүдө.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын тиешелүү буйруктарынын, ошондой эле университет менен «Авенир» билим берүү комплекси ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде уюштурулду.
Белгилей кетүүчү нерсе, тестирлөөгө чейин профессордук-окутуучулук курам «Авенир» билим берүү комплекси тарабынан уюштурулган эки айлык англис тили курстарынан даярдыктан өткөн.
2026-жылдын 27–28-март күндөрү ЖАЭУнун 38 окутуучусу тестирлөөдөн өтүүдө. Тестирлөө эл аралык стандарттарга ылайык TOEFL форматында жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү сертификаттар тапшырылат.
Бул иш-чаранын негизги максаттары:
- англис тилинде окутуунун сапатын жогорулатуу;
- окутуучулардын тилдик компетенттүүлүгүн баалоо;
- эл аралык стандарттарга шайкештикти камсыз кылуу.
ЖАЭУ билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын кесиптик потенциалын өнүктүрүү багытындагы иштерин ырааттуу улантууда.





