
Чет элдик студенттердин коопсуздугу
Март 23, 2026
ЖАЭУда 3D анатомиялык стол «Пирогов» киргизилди
Март 26, 20262026-жылдын 24-мартында Жалал-Абад эл аралык университетинин медициналык факультетинде факультеттин деканы Астанов Ш.М. жетекчилиги алдында Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүне карата илимий-билим берүү семинары өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар кургак учукту диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча заманбап маалыматтарды сунушташты. Кыргыз Республикасы, КМШ өлкөлөрү жана дүйнөлүк деңгээлдеги эпидемиологиялык абал талданып, оорунун коркунуч факторлору жана аны көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору каралды.
Бул семинар катышуучулардын кесиптик билимин тереңдетүүгө, клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана өз ара кызматташууну чыңдоого өбөлгө түздү





















