
Университетте Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
Март 18, 2026Бүгүн ЖАЭУ – Жалал-Абад Эл Аралык Университетинде чет элдик студенттер үчүн жол коопсуздугу боюнча семинар өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге жол кыймылынын негизги эрежелери, бузуулар үчүн жоопкерчилик жана Кыргызстандагы жол кыймылынын өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Университет администрациясы ЖКККББ кызматкерлерине кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Эрежелерди сактоо — коопсуздуктун кепили!








