
ЖАЭУнун проректору Дипак Чаулагайн илимий изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча эл аралык китептин авторлошу болду
Март 17, 2026Жалал-Абад эл аралык университетинде гуманитардык жана табигый дисциплинаолар кафедрасынын кураторлору тарабынан 1-курстун студенттери үчүн эң кадырлуу жаз майрамдарынын бири болгон Ноорузга арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага факультеттин деканы Астанов Ш.М., кафедранын окутуучулары жана чет өлкөлүк студенттер катышты. Алар үчүн Нооруз майрамынын тарыхы, мааниси жана аны белгилөө салттары менен тааныштырууга багытталган мазмундуу программа даярдалды. Катышуучуларга бул майрамды жаратылыштын жаңылануусунун, тынчтыктын, ынтымактын жана жакшы тилектердин символу экендиги тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш чаранын жүрүшүндө студенттерге Нооруздун негизги салттуу даамдарынын бири болгон сүмөлөктү даярдоо тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле катышуучулар кыргыз элинин улуттук тамак-аштары, каада-салттары жана майрамдык сый-тамактары менен таанышып, элдик маданияттын байлыгы жана өзгөчөлүгү тууралуу маалымат алышты.
Өзгөчө кызыгууну Ноорузду Индиянын Holi майрамы менен салыштыруу жаратты. Мындай салыштыруу эки элдин маданиятындагы кубаныч, биримдик, жаңылануу жана салттарды урматтоо сыяктуу жалпы баалуулуктарды белгилөөгө, ошондой эле алардын улуттук майрамдоодогу өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.
Мындай иш-чараларды өткөрүү улуттук каада-салттарды урматтоого тарбиялоодо, студенттердин маданий дүйнөтаанымын кеңейтүүдө жана ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт.








